Күрөш боюнча Азия чемпиондугундагы кыргыз балбандарынын атаандаштары белгилүү болду

Күрөш боюнча Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыргыз балбандарынын атаандаштары белгилүү болду. Бул чемпиондукта күрөштүн грек-рим түрү боюнча жалпы 10 топтом медаль ойнотулат. Грек-рим боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан 10 балбан катышат.

Азия чемпиондугу бүгүн, 18-февралда старт алат.

Кыргыз балбандарынын атаандаштары:

55 килограмм салмакка чейин: Хирому Катагири (Япония) - Сардарбек Конушбаев;

60 килограмм салмакка чейин: Айдос Султангали (Казакстан) - Жоламан Шаршенбеков;

63 килограмм салмакка чейин: Сачин Рана (Индия) - Тынар Шаршенбеков;

67 килограмм салмакка чейин: Адилхан Сатаев (Казакстан) - Марлен Асикеев;

72 килограмм салмакка чейин: Ким Жихун (Корея) - Руслан Царев;

77 килограмм салмакка чейин: Сажан Сажан (Индия) - Ринат Ильяз уулу;

82 килограмм салмакка чейин биринчи айлампада: Чой Жунхьенг (Корея) - Самат Чоноралиев;

Экинчи айлампада: Жалгасбай Бердимуратов (Өзбекстан) - Самат Чоноралиев;

87 килограмм салмакка чейин: Сухроб Абдулхаев (Тажикстан) - Азат Салидинов;

97 килограмм салмакка чейин: Алимхан Сыздыков (Казакстан) - Бексултан Махмудов;

130 килограмм салмакка чейин: Ким Мин Сьек (Корея) - Роман Ким.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
manatova
2020-02-18 11:00:04
Эркин куроштогулорчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан