“Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясы соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорду жапты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришет.
Ага ылайык, 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылганы маалым болду.
Маалыматта инвесторлор буга чейин жердин ижара акысына төлөнгөн 43 миллион сомдон ашык каражатты кайтарып берүүнү суранганы айтылат.
Мындан тышкары логистикалык борборду куруучу “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясы расмий билдирүүсүн таратты.
“Логистикалык борбордун курулушуна 280 миллион доллар сарптоону пландаганбыз. Бул каражат компаниянын жеке ресурстарынын эсебинен бөлүнүп жаткан. Өлкө бийлиги менен сүйлөшүү учурунда биз объекттин курулуш планы бузулган шартта “Нарын” ЭЭА бир жактуу түрдө келишимди жокко чыгаруу укугуна ээ болсун деген шартка макул болгонбуз. Инвестициялар боюнча Кыргыз өкмөтү бизге эч кандай кепилдик берген эмес жана бардык тобокелдиктерди компания өз мойнуна алган. Логистикалык борбордун курулушунда жана ал иштеп баштаганда 15 миңден кем эмес жумушчу иштемек. Ал эми бюджетке 8 жылда бир нече миллиард сом түшмөк. Тилекке каршы, Ат-Башы районунун жашоочулары арасында долбоорго карата терс мамиле түзүлүп, каршылык акциялары өткөрүлдү. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү курулушка каршы чыгып жатканда, биз узак мөөнөттүү долбоордун үстүндө иштөөгө мүмкүн эмес деп эсептейбиз жана аны жабуу чечимин кабыл алууга мажбурбуз”, - деп жазылат билдирүүдө.
8-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясында Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна кытай инвестору 280 миллион долларын салууга даяр экендигин, анда 15 миң адам туруктуу иш таба аларын билдирген.