Евро-2020: Күйөрмандар эми электрондук билет менен киргизилет

Футбол боюнча быйыл өтүүчү Европа чемпиондугуна күйөрмандар электрондук билет аркылуу киргизилет. Бул тууралуу УЕФА маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, күйөрмандар оюндарга мобилдик колдонмо аркылуу кире алышат. Бул колдонмого былтыркы жылдын декабрь айына чейин сатылган билеттер гана киргизилет. Мобилдик колдонмо ушул жылдын май айында даяр болот. Мындай чечимди УЕФА билетти алып сатарлар менен күрөшүү максатында иштеп чыккан.

Биринчи жолу бул колдонмо 2019-жылы өткөн Улуттар Лигасынын финалында колдонулган. Бул финалда 110 миң көрүүчү мобилдик колдонмо аркылуу киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
knk
2020-02-18 11:25:58
Кайсы күндөрү болот. Маалымат барбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан