Тажикстандын "Худжанд" командасы АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунда "Нефтчи" командасына каршы ойноо үчүн Жалал-Абадга келип, алгачкы машыгууларын баштады.
Бул эки команданын биринчи оюну эртең, 19-февралда Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда болуп, жооптук беттеш 26-февралда Душанбе шаарынын борбордук стадионунда өтөт.