Ошто мектеп толугу менен күйүп кетти. Түндө чыккан өрт эртең менен өчүрүлдү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылындагы орто мектепте өрт чыгып, билим берүү жайы толугу менен күйүп кетти. Өрт 17-февралда саат 23:50 чамасында Сагындык атындагы орто мектептен чыккан. Өрттү өчүрүү 18-февралда эртең менен мүмкүн болгонун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлайт.

"Өрттүн кесепетинен аянты болжол менен 500 чарчы метр мектеп толугу менен күйдү. Каза болгон жана жабыркаган адамдар жок. Өрттүн себеби такталууда.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм жана авариялык куткаруу унаасы менен 10 куткаруучу тартылган. Жолдун татаалдыгына байланыштуу жана аралык 122 чакырым болгондуктан, куткаруучулар 18-февралда саат 07:40та айтылган дарекке жетишкен. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 07:45те чектөөгө алынып, саат 07:55те толук өчүрүлгөн", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
shankol88
2020-02-18 12:43:18
Тилсиз жоодон жараткан өзү сактасын...
10 мүнүттө өчүрүптүр да.
-2
Chungyz
2020-02-18 13:19:42
счет ачкыла жаны мектеп салганы которобуз
-5
elmira.
2020-02-18 13:41:56
Мектеп болбой эле калыптыр эле
+7
bond02
2020-02-18 13:50:24
10 минутада очуруп рекорд коюшкан го дейм.
0
ZUXRIDDIN20
2020-02-18 15:23:23
bond02,күйүп болгон экенда өзү очой деп.
+2
Center
2020-02-18 14:26:15
Жакшы болуптур, мындай эски мектептер мынтип күйүп кетип эле жок болбосо, жаңы мектеп курууга эч ким деле көңүл бурбайт!
+1
pero5184
2020-02-18 14:29:08
Өзү көчөйүн деп калыптыр эле да .
0
Aiperi-17
2020-02-18 14:48:08
Жол алыс арга жок күйүп бүтүп калганда барышыптырда кичине суу чачып чогун өчүрүп келишиптирда
+2
ZUXRIDDIN20
2020-02-18 15:31:33
Алдын ала сиздерден кечирим сураймын

Ушул мектеппи
0
mirbek2211
2020-02-18 18:22:31
Кто Чаты айылы Алайкуудабы?
0
zzz---zzz
2020-02-18 18:35:17
Президент барында салдырып алгыла мүмкүнчүлүк барында
0
nursiyanur
2020-02-19 14:11:09
Алайкуда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан