"Супер сулуу-2013" наамынын ээси, модель, актриса Оруна Шабралиева "Менин жүзүмдү вебкамдардын жарнамасына пайдаланышууда" деп нааразы. Окуя кандай болгону тууралуу модель SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Мындан 3 апта мурун туугандарым, тааныштарым мага вебкамдын жарнамасындагы сүрөтүмдү жөнөтүп башташты. Мени билбегендер, тааныбагандар, Оруна вебкамдардын кызматын жарнамалап жатат деп түшүнүшөт да. Алар менин сүрөтүм коюлган жарнаманы бардык социалдык тармактарга жүктөп жайылтышыптыр. Сүрөтүмдү ким таратып жатканын издеп отуруп, 3 апта дегенде араң аларга байланышка чыктым: "Силер эмнеге менин жүзүмдү жаман ишиңерге пайдаланып жатасыңар? Менин атымды булгап, пайдаланганыңар үчүн коомчулук аркылуу кечирим сурагыла. Сүрөтүмдү алган соң директоруңар байланышка чыксын, компенсация төлөгүлө же соттошом" десем, "ооба, кечиресиз" деп жаткан. Кайра "силердин автордук укугуңар бузулганбы же бузулган жокпу, жактоочубуз менен такташабыз" деп керсейип койду. Ошол боюнча канча аракет кылсам да такыр байланыша албай койдум, мени "игнор" кылып жатышат. Же алардын кайда жайгашканын, кимдер экенин да таба албай жатам. Менин атымды каралаган адамдар табылып, өз жазасын алышына болгон аракетимди жумшайм", - дейт Оруна.