Бишкекте алдамчылыкка шектелип, 45 жаштагы аял кармалды. Анын 17 ишке катыштыгы бар экени аныкталганын Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ушул жылдын 21-январында Октябрь РИИБине Т.Ж. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылып, чала таанышына карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арызда 2017-жылдын февраль айында Бишкектеги кеңселердин биринде шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип "Мега Трейд" каржы пирамидасы аркылуу каражатын көбөйтүп берем деп 420 миң сом акчасын алган. Андан кийин убадасын аткарбай, изин жашырып качып жүргөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинип, 1974-жылы туулган Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган аялдын 17 кылмыш ишине катыштыгы бар экендиги аныкталды. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат", - деди маалымат кызматынан.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо же кошумча маалымат билсе милиция кызматкерлерине байланышып коюну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(709) 249-900, 0(700) 669-664, 0(552) 777-784 же 102.