"Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районуна караштуу Жеңижок көчөсүндө таштанды күздөн бери тазаланбайт" деп окурман Элдик кабар бөлүмүнө билдирди.
"Жашоочулар алдын ала таштандыны урналарга гана салабыз деп сүйлөшүп алганбыз. Бирок таштанды толук тазаланбагандыктан, аны жолбун иттер, мышыктар чачып кетип жатат. Кар барда көрүнбөй жаткан, азыр күн жылыганына байланыштуу ары-бери өткөн кишилерди ирээнжитип жатат", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.