Азат Салидинов күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Азат Салидинов турнирдин финалына чыкты.

Салидинов күрөштүн грек-рим түрү боюнча 87 килограмм салмак ченинде катышып, биринчи жүрүшүндө тажикстандык балбанды жеңип, кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны 9:0 эсеби менен япониялык балбанды жеңип алды. Жарым финалдык беттеште Азат Салидинов ирандык балбанга 7:0 эсебинде утулуп жатып, убакыт бүтөрүнө 7 секунд калганда ирандык балбан жаракат алып, мелдешти андан ары уланта албай калды. Муну менен кыргыз балбаны мелдештин финалына чыкты.

Финалдык беттеште Азат Салидинов индиялык балбан Кумар Сунилге каршы беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat.1996
2020-02-18 19:24:50
Куттуктайбыз. Бул жигит белгилүү "ДЭМ" театрынын Актёру Нурлан Салидинов'дун баласы да ("Президент жана Бомж" тасмасында Омор Чокоев банкрот болуп, курулушка иштегени барганда Жапар деген киши менен чогуу иштейт го)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан