17-февралда Бишкек шаарында саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча элдик штабдан жашыруун угуучу аппарат табылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.
Активисттин айтымында, угуучу аппаратты штабда иштеген балдар таап чыгышкан.
"Садыр Жапаровдун тарапташтары ал угуучу аппаратты табары менен укук коргоо органдарын чакырган. Биз бул иш боюнча тиешелүү органдарга арыз менен кайрылдык. Себеби мындай аппарат соттун чечими менен гана коюлушу керек. Мыйзамсыз болгон мындай иш аракеттер кимдир бирөөлөр тарабынан жасалган провокация болушу мүмкүн", - дейт Аспеков.
Ал эми ишти каттоого алган Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы окуя тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди.
"17-февраль күнү саат 17:00дө Бишкек ШИИББинин 102 кызматына "Илбирс" имаратындагы кабинеттеринин биринен тыңшоочу аппарат табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине барган Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын оперативдик тобу 3-кабаттагы кабинеттердин биринен тыңшоочу аппаратка окшогон буюмду табышкан. Буга байланыштуу Ж.Д. аттуу жаран аппаратты коюп кеткен белгисиздерге карата чара колдонуу боюнча арыз менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дешти басма сөз кызматынан.