Кечээ, 17-февралда коомдук-саясий ишмерлердин, жарандык активисттердин жана массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн катышуусунда "Баткен облусундагы чек ара көйгөйлөрү" аттуу талкуу өткөн. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары чакырылып, бирок алар келген эмес. Тегерек столдо коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева тажик генералын кызматтан алууну талап кылып, Тажикстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдына нааразычылык акциясына чыга тургандыгын билдирген болчу. Бүгүн, 18-февралда коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер элчиликтин алдына чогулушту. Элчиликке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго өтүнүч келтирип келдик деген Үмөталиева буларга токтолду.
"Бир топ активисттер чоң теманы көтөрүшкөн болчу. Эң коркунучтуу нерсе Орто Азиялык коопсуздукка шек келтирген сөз тажик генералынын чогулушта айткан сөзү. Расмий трибунадан чоң даражадагы мамлекеттик чиновник Кыргыз өлкөсүнүн территориясына кол салганына тете болду. Эгер мыйзам боюнча карасак, бул эл аралык мыйзамда дагы, биздин мыйзамда да чоң кылмышка барабар", - деди Үмөталиева.
Ал эми экс-вице-премьер Камила Талиева дагы нааразы болуп топтолгон элдин катарында. Айтымында, буга чейин Кыргыз-Тажик эли каада-салттары, алака-мамилелери менен ынтымакта эле катышып келген. Бирок ал Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувоновдун айткан пикирин провокациялык маанайдагы пикир катары эсептейт.
Анын билдиришинче кыргыз тараптан бул пикирге конкреттүү жооп болбой жатат. Чогулган эл элчиликтин жообун күтүп, коңгуроо кагып көпкө турду. Бирок жооп болгон жок. Элчиликтин мындай мамилесин Токтайым Үмөталиева тажик тараптын кеткен катасын моюнга алгандык катары сыпаттады.
Эскерте кетсек, буга чейин Тажикстандын айрым массалык маалымат каражаттарында "Тарыхты карай турган болсок, мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталыштагы маалымат жарыялаган.
Анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат" деген сөздөрдү айткан. Тажик генерал-майорунун сөзүнө Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев мындай жооп кайтарган.