Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда күрөштүн грек-рим түрү боюнча эки кыргыз балбаны коло медаль үчүн күрөшөт.
77 килограмм салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнүн вице-чемпиону Ренат Ильяз уулу индиялык жана япониялык балбандарды катары менен жеңип, мелдештин жарым финалына чыккан. Жарым финалдык беттеште кыргыз балбаны ирандык балбанга жеңилип калды. Ренат Ильяз уулунун коло байге үчүн атаандашы өзбекстандык Бекзод Умаров болмокчу.
130 килограмм салмак ченинде кыргыз балбаны Роман Ким мелдештин 1/4 финалында жүрүшүн баштап, түштүк кореялык балбанга жеңилип калды. Бул көрсөткүчү менен кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн кыргыз балбаны индиялык Сингх Мехар менен кез келет.