Ысык-Көлдө маршрутка жолго чыга калган жылкыдан буйтайм деп даракты сүзгөн. 4 адам жабыркады

Ысык-Көл облусунда эл ташыган маршрутка оодарылып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 16:45 чамасында Бишкек-Балыкчы-Ананьево унаа жолунда болгон.

"Бишкектен Каракол шаарына бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасы алдынан чыга калган жылкыдан буйтайм деп даракты сүзүп оодарылып кеткен. Натыйжада 4 адам жабыркаган. Алардын ичинде айдоочу дагы бар. Алар ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adiaza
2020-02-18 21:37:28
Кантсе да кырсык, бирок ушул спринтер айдагандар бишкек каракол маршруттагылар такыр скоростной режимди билишпейт башкаларга да помеха кылып встречкага чыга беришет,
+2
sessa
2020-02-19 23:15:49
adiaza,туура элди ойлошпойт картошка жүктөп алгандай эле айдашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан