Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Азат Салидинов күмүш медаль утту.
Финалдык беттеште Азат Салидинов индиялык балбан Кумар Сунил менен кез келип, 5:0 эсебинде утулуп, күмүш медалдын ээси болду.
Салидинов күрөштүн грек-рим түрү боюнча 87 килограмм салмак ченинде катышып, биринчи жүрүшүндө тажикстандык балбанды жеңип, кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны 9:0 эсеби менен япониялык балбанды жеңип алган. Жарым финалдык беттеште Азат Салидинов ирандык балбанга 7:0 эсебинде утулуп жатып, убакыт бүтөрүнө 7 секунд калганда ирандык балбан жаракат алып, мелдешти андан ары уланта албай калган. Муну менен кыргыз балбаны мелдештин финалына чыккан.