Башкы прокуратура: "№5 бала бакчанын жетекчиси жарым миллион сомдон ашык акчага мыйзамсыз ээлик кылган"

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан №5 бала бакчаны текшерүү учурунда одоно тартип бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында тарбиячылар жана М.Д. аттуу бала бакчанын жетекчиси ата-энелер фондунан 2017-2019-жылга чейинки аралыкта чогулган 396 миң 700 сомго ээлик кылганы маалым болду. Ошондой эле М.Г. аттуу жетекчинин эжесине 156 миң 400 сом мыйзамсыз акы төлөнгөндүгү аныкталды. Ал кагаз түрүндө алгач коопсуздук кызматкери катары жумушка алынып, андан соң тарбиячынын жардамчысы болуп, кийинчерээк мугалимдик кызматка которулган. Жамааттын берген маалыматына ылайык, М.Г. бала бакчага келген да, эч кандай кызматта иштеген да эмес.

Ошондой эле 23 бала электрондук кезекти сактабай, бала бакчага катталбай эле кабыл алынган. Ата-энелер ай сайын балдарга төлөнчү акчаны тарбиячылар аркылуу акчалай берип турушкан. Алардан алынган акча Биринчи Май райондук билим берүү борборуна которулбастан, ал каражатка М.Д. ээлик кылган.

М.Д. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2017-2019-жылдары ата-энелерден балдарга арналган жалпы суммасы 553 миң 100 сом болгон взносту мыйзамсыз чогултуп, өз кызыкчылыгына пайдаланган.

2020-жылдын 11-февралында Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан