"Эркек!" Орусиялык рэпер Жиган 3 кыздан кийин уулдуу болду

18-февраль күнү орусиялык рэп ырчысы Жиган (Денис Устименко-Вайнштейн) 4-ирет ата болду. Балалуу болгонун ал социалдык баракчасы аркылуу сүйүнчүлөгөн.

"Кудайдын планы. Бул эркек", - деп жазган рэп ырчы баракчасына. Жигандын жубайы Оксана Самойлова көптөн күткөн уулун Майямидеги төрөтканалардын биринде жарыкка алып келген. Маалыматтарга караганда, ырчынын уулу операция жолу (кесарево сечение) менен төрөлгөн.

Орусиялык рэп ырчысы Жиган 1985-жылы 2-августта Украинада төрөлгөн. Ал Юлия Савичева менен аткарган "Коё бер" ("Отпусти") дуэти, Анна Седокова менен аткарган "Муздак жүрөк" ("Холодное сердце") дуэти аркылуу калың журтка таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-02-19 11:36:18
Бешик бооңор бек болсун иним!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан