Жалал-Абадда 30 миң доллар жасалма акчаны сатууга аракет кылган топ кармалды

Жалал-Абадда 30 миң доллар жасалма акчаны сатууга аракет кылгандар кармалды. Кармалгандардын экөө диний уюмдун мүчөсү экенин УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"16-февралда жасалма акчаны сатуу учурунда 3 киши кармалган. Алар 1986-жылы туулган Х.М., диний уюмдун мүчөлөрү 1982-жылы туулган К.Н. жана 1971-жылы туулган К.Б. экени аныкталды. Кармалгандардын үчөө тең Кыргыз жарандары.

Тергөөнүн жүрүшүндө жасалма акчалар коңшу өлкөлөрдүн биринен мыйзамсыз алып келингени маалым болду. Жасалма каражаттар атайын схема менен, тагыраагы, 10 миң доллар жасалма акчаны 4 миң 500 доллар чыныгы акчага алмаштырмакчы болушкан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 225-берене (акчаны же баалуу кагазды жасалма жол менен жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Жалал-Абад шаардык соту кармалгандарды СИЗОго киргизди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып, жасалма каражаттарды даярдоого жана сатууга катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2020-02-19 20:00:44
,сакалын ортонгур
+3
Baatirbek81
2020-02-19 20:31:41
Ушул кылмыш кылгандардын көпчүлүгү сакалчандар болуп жататко!же буларга сакал документ болуп береби!
+2
gulya583
2020-02-20 05:06:47
Кой терисин жамынган шакалдарда, динди булгагандар. Сакалы менен орттонуп кетишсин нары.
+1
Akoga
2020-02-20 15:21:45
Сакал койгондордун баары эле түрк Сулайман султан же Кемел болгусу келгендер. Туура айтасың буларга документ мода болуп калган.
Сакалыңды урайын, шакалдар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан