Алпаруучу Нурзат Токтосунова: "Мындан ары мамлекеттик иш-чараларды улуттук кийимчен алып барам"

"Заманыбыздын супер алпаруучусу" Нурзат Токтосунова мындан ары мамлекеттик иш-чараларды улуттук кийимчен алып барат. Ал SUPER.KG порталына көп жылдан бери пландап жүргөн тилеги ишке ашканын билдирди.

"Мындан ары мамлекеттик иш-чараларды элечек кийип алып барам. Ал эми тойлор боюнча, ичимдик болбосо алып барам. Ичимдик бар жерлерди токтотом", - дейт алпаруучу.

Белгилей кетсек, Нурзат Токтосунова көңүл ачуучу "Хит парад", "Браво" телеберүүлөрү менен коомчулукка белгилүү болгон. 2013-жылы ага "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен "Заманыбыздын супер алпаруучусу" наамы ыйгарылган. Токтосунова акыркы жылдары тойлорду, мамлекеттик иш-чараларды алып барып жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ulaAjidar
2020-02-19 12:07:47
Жакшы эн жакшы
+7
bond02
2020-02-19 12:10:18
Дааватка дагы чыгам деп койбопсун биротоло.
+7
Tolkun555
2020-02-19 12:21:27
Алла ыраазы болсун
+10
Samatalibei
2020-02-19 12:30:04
Алла Раазы болсун.
+9
iryi1
2020-02-19 14:13:11
Жараткан Тенирим оз ырыскысын берсин.
-4
KAYRATBEK
2020-02-19 18:29:47
Аял жоолугу менен аял. Аял жоолугу менен назик. Ишенбесенер эч кимге айтпай, унчукпай озунор жоолуктуу аял менен жоолуксуз аялды салыштырып коргуло. Озунор даана ишенесинер.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан