Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты.

Күрөштүн грек-рим түрү боюнча кыргыз балбаны бул турнирге 60 килограмм салмак ченинде катышып жатат. Жоламан Шаршенбеков алгачкы жүрүшүндө казакстандык балбанды 7:6 эсебинде жеңип, кийинки баскычта монголиялык балбанды 10:0 эсеби менен жеңип алды. Жарым финалдык беттеште Жоламан Шаршенбеков күчтүү делген ирандык балбан менен кез келип, 9:2 эсебинде жеңишке жетип, мелдештин финалына чыкты.

Финалда Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону япониялык Кэнъитиро Фумита менен кез келет. Финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча 18:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан