Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: 2 кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшөт

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбандары Руслан Царев жана Бексултан Махмудов коло байге үчүн күрөшөт.

Күрөштүн грек-рим түрү боюнча катышып жаткан Руслан Царев бул турнирге 72 килограмм салмак ченинде чыгып, алгачкы жүрүшүндө түштүк кореялык балбанды 5:1 эсебинде утуп жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеште Руслан Царев ирандык балбанга утулуп калды. Бул көрсөткүчү менен кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн Руслан Царев кытайлык балбан Ян Кай Чен менен кез келет.

97 килограмм салмак ченинде катышып жаткан Бексултан Махмудов казакстандык жана япониялык балбанды катары менен жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеште кыргыз балбаны ирандык балбанга 0:5 эсебинде жеңилип калды. Бул көрсөткүчү менен Бексултан Махмудов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн беттеште Бексултан Махмудов индиялык Хардип Хардип менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-02-19 20:06:14
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан