Күрөш боюнча Азия Чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду

Күрөш боюнча Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия Чемпиондугунда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду.

Жоламан Шаршенбеков бул чемпиондукка күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмак ченинде катышты. Кыргыз балбанынын финалдагы атаандашы учурдагы дүйнө чемпиону япониялык Кэнъитиро Фумита болду. Кызыктуу беттештин жыйынтыгында 0:4 эсеби менен япониялык балбан жеңишке жетти.

Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн атынан күмүш медаль алган экинчи балбан болду. Буга чейин күрөштүн грек-рим түрү боюнча Азат Салидинов 87 килограмм салмак ченинде күмүш медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kalnazarov89
2020-02-19 19:30:08
Насип , буйрук
+4
chake
2020-02-19 19:55:40
азаматсың эмикиде алтын ал балам
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан