Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндардын жыйынтыктары

Бүгүн, 20-февраль күнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын оюндары болуп өттү.

Италиянын "Аталанта" клубу өз үйүндө "Валенсия" клубун кабыл алды. Беттеш 4:1 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Бул эки команданын жооптук беттеши 11-март күнү саат 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Испаниянын Валенсия шаарындагы "Месталья" стадионунда өтөт.

"Аталанта" - "Валенсия" 4:1;

Голдор: Ханс Хаттебур (16, 62-мүнөттө), Йосип Иличич (42-мүнөттө), Ремо Фройлер (57-мүнөттө), Денис Черышев (56-мүнөттө).

Англиянын "Тоттенхем" командасы өз үйүндө "Лейпциг" командасын кабыл алды. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө "Тоттенхэм" командасы 0:1 эсебинде жеңилип калды. Жалгыз голду командасына германиялык чабуулчу Тимо Вернер алып келди. Бул эки команданын жооптук беттеши 11-март күнү саат 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Лейпциг шаарындагы "Ред Булл Арена" стадионунда өтөт.

"Тоттенхэм" - "Лейпциг" 0:1;

Голдор: Тимо Вернер (58-мүнөттө).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
murat17
2020-02-20 17:11:57
алга Лейпциг
0
Kyrgyz40
2020-02-21 12:54:34
АТМ,ПСЖ,Аталанта,Лейпциг,Барселона,Бавария,Манчестер сити,Ювентус кийинки турга отот деп болжолдоп жатам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан