Сокулук районунда 82 жаштагы тургундун үйүнө кирип, сыналгысын жана ноутбугун уурдап кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-февралында жабырлануучу Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда ал үйүнүн терезеси аркылуу кирген белгисиз адамдар анын баалуу буюмдарын көтөрүп кетишкенин айткан. Оперативдүү иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уурулукка шектелип 24 жаштагы Д.Н., 20 жаштагы М.Д. жана 17 жаштагы А.Н кармалган. Тергөөдө уурдалган буюмдар Бишкектеги соода-борборлорунун бирине сатылып кеткени маалым болуп, алар кайра алынган.
Кармалгандардын экөө убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, бир шектүү өлкөдөн чыкпоо тил катынын негизинде коё берилген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.