Президент: "Парламентке өтүү босоголук чегин 5-3 пайызга түшүрүп, жаштарга жол ачалы дегендер жаштарды бетине кармап жатышат"

"Парламентке өтүү босоголук чегин 5-3 пайызга түшүрүп, жаштарга жол ачалы дегендер жаштарды бетине кармап жатышат", - деп бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Азыркы учурда парламентке өтүү босоголук чегин төмөндөтүү боюнча пикирлер айтылып жатат. 9 пайыздык босоголук чек партияларды ирелештирүү максат болгон. Буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, буга партия лидерлери даяр эмес. Жашырганда эмне эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт. Ошондуктан партияларды ирелештирүү саясатчыларыбыз үчүн эрте болорун көрсөттү. Босоголук чекти 5-3 пайызга төмөндөтүү боюнча айткандар жаштарга мүмкүнчүлүк берели деген аргументтерди айтууда. Чынында алар жаштарды бетине кармап алып, өз камын көрүп жатышат. Пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар жети өлчөп бир кесет деп ойлойм. Бардык партияларга бирдей мамиле болот. Жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайланып келгем. Кайсы партия болбосун мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегенге даярмын", - дейт президент.

"Мен бардык партияга бирдей мамиле кылам" дейт Жээнбеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан