Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталган 6 курал жана ок дарылар алынды

Ысык-Көл облусунда курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн фактылар катталды. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы билдирет.

"Бает айылынын 59 жаштагы тургуну Б.Белектин үйүнөн мыйзамсыз сакталган ТОЗ-63 үлгүсүндөгү 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал жана 13 даана Калашников автоматынын 5,45 миллиметр октору табылып алынды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-берене (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деди маалымат катчы.

Жалпысынан облус боюнча мыйзамсыз сакталган сайсыз 6 ок атуучу куралдар, 9 даана Макаров тапанчасынын, 13 даана Калашников автоматынын жана 2 даана 7,62 миллиметр октор алынганын кошумчалады аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2020-02-20 19:08:25
Бул кайсыл согушка камданып жаткан
0
Shekeev969798
2020-02-21 02:48:47
Калашниковго 7.62 ок тушот 5.45 М16 нын огу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан