Бүгүн, 20-февралда күрөш боюнча Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыздар арасында Кыргыз өлкөсүнүн атынан эки балбан кыз килемге чыгат.
Бүгүнкү мелдеште кыздар арасында 5 топтом медаль ойнотулат.
59 килограмм салмакка чейин катышып жаткан Назира Марсбек кызынын биринчи айлампадагы атаандашы казакстандык Мадина Бакбергенова болсо, экинчи айлампада кыргыз балбан кызы индиялык Сарита Сарита менен кез келет.
76 килограмм салмакка чейин катышып жаткан Айпери Медет кызы биринчи айлампада өзбекстандык Мухлиса Нормуминова менен кез келсе, экинчи айлампада Азия чемпиону япониялык Хироэ Судзуки Минагава менен кез келет.
Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталат.