Ош облусунун Алай районунда 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, айылдаштары кармалган. Шектүүлөр 2 айга камакка алынганын Ош ОИИБинин маалымат катчысы билдирди.
"Кармалгандар Алай райондук соту тарабынан 17-февралда 2 айга камакка алынды" деди маалымат катчы.
13-февралда Алай районунун тургуну 17 жаштагы кызынын зордукталганы боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Шектүүлөрдүн бири кызды 9-февралда зордуктаса, экинчиси 12-февралда зордуктаганы маалымдалган. Бул ишке катыштыгы бар адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Жабырлануучу кыз психикалык жактан ооруй турганын милициядан кошумчалашкан.