Президент: "Өз таасирин сактап калууга аракет кылгандар тарабынан менин иш аракеттериме көрүнө да, көмүскө да тоскоолдуктар болгон"

"Өз таасирин сактап калууга аракет кылгандар тарабынан менин иш аракеттериме көрүнө да, көмүскө да тоскоолдуктар болгонун билесиздер", - деп бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Коррупциянын туу башында тургандар, реформаларга каршы болгондор - ачык эле чабуулга чыгышканы белгилүү. Элибиз гана эмес, эл аралык коомчулук дагы “Кыргыз өлкөсүндө эмне болуп кетет?” деген кооптонуу менен өлкөбүзгө назар салып турду. Кудайга шүгүр, сабырдуулукту сактап, чагымчылдыкка, провокацияга алдырган жокпуз. Элибиздин колдоосу менен коомдогу тынчтык сакталып, жарандардын тынч жашоо ыргагы бузулган жок. Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөөнү, коомдогу биримдикти сактоону, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоону баарынан бийик кармадык", - дейт президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан