Күрөш боюнча Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия Чемпиондугунда кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы мелдештин финалына чыкты.
Айпери Медет кызы бул турнирде 76 килограмм салмак ченинде катышып, биринчи жүрүшүндө өзбекстандык балбан кызды 11:0 эсебинде жеңип алды. Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны күчтүү делген япониялык балбан кызга 0:3 эсебинде жеңилип калды. Бул көрсөткүчү менен ал мелдештин жарым финалына чыкты. Жарым финалдык беттеште казакстандык Элмира Сыздыкованын үстүнөн таза жеңишке жетип, финалга жолдомо алды.
Финалдык беттеште Айпери Медет кызынын атаандашы азырынча аныктала элек.