Бишкекте короодо токтоп турган унаанын дөңгөлөктөрүн чечип кеткен жаран кармалды

Бишкекте короодо токтоп турган унаанын дөңгөлөктөрүн чечип кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 11-февраль күнү Бишкек шаарындагы 9-кичи районунда болгон. Анда короодо токтоп турган Дэу Лачетти үлгүсүндөгү унаанын 4 дөңгөлөгүн белгисиз жарандар чечип кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 1998-жылы туулган А.А. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө. Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан