Ош-Араван унаа жолунда 15 жаштагы өспүрүм атасынын унаасын айдап бара жатып, эки жөө жүргүнчүнү сүзүп, бири каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 19-февраль күнү саат 20:00 чамасында Ош-Араван жолунун Тээке айылынын тушунда болгон.
"2005-жылы туулган Т. уулу А. атасынын Хундай Портер унаасын айдап бара жатып 1977-жылы туулган Э.С. аттуу жана 1975-жылы туулган Р.Г. аттуу Тээке айылынын тургундарын сүзүп кеткен. Натыйжада Э.С. аттуу аял денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми Р.Г. аттуу жаран ооруканага кайрылган. Топтолгон материалдардын негизинде жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.