Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары Төлөгөн Рахманберди уулу күнөөсүн моюнга алганын айтышты

Буга чейин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары менен жолуккан. Анда айыл аксакалдары президентке кайрылышып, "инибиз Рахманберди уулу Төлөгөнгө Ошто Кылычбек Саркарбаев, Нурбек Раимбеков, Мунар Сайпидинов тарабынан коркутуу-үркүтүү болуп жатат. Ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду сурайбыз. Аксакалдарды кабыл алып, көйгөйлөрүн угуп, ушул жигитибиздин ишин жакшы териштирип берсеңиз", - деп суранышкан.

Ал эми бүгүн, 20-февралда аталган айылдын жашоочулары Төлөгөн Рахманберди уулу күнөөсүн моюнга алганын айтып, жалпы элден кечирим сураган видеосу тарады.

"Төлөгөн Рахманберди уулу кылган иштерин моюнга алып, ал элди тынчсыздандырууга чакырды. Биз деле тынчпыз. Президентке рахмат. Ушул жерге министр өзү келип, эл менен жолугушуп, элге түшүндүрүп кетти. Эл ыраазы!" - деди аксакал.

"Урматтуу Сооронбай Жээнбеков, биздин кайрылууну угуп, кайра ага жооп кайтарганыңызга рахмат. Министр өзү келип, жолугуп кетти. Бул жерде Матраимовдордун тиешеси деле жок экен. Биз түшүнбөстүктөрдөн улам айткан сөз экен. Элдин атынан кечирим сурайбыз. Биз ал жерде түшүнбөй сүйлөп койгон экенбиз", - деп айтылганын видеодон көрүүгө болот.

Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары Төлөгөн Рахманберди уулу күнөөсүн моюнга алганын айтышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Absamat-90
2020-02-20 19:31:35
Ушинтип эми ар бир ишке президент озу киришкени жакшы болду. Антпесе орто жолдон чагымчылдар такыр туура эмес маалымат берип элдин оюн бузуп жатат.
-10
Alimbek1000
2020-02-20 19:34:04
Төлөгөн деген бала өзү Атамбаевдин кезинде канча рейдерлик кылды. Ал эми юбка кийип алсын!
-10
Alinur96kg
2020-02-20 20:05:38
Тологондун оозун жабышкан экен.Башында эле айткам матраимовдорго эч кимдин тиши отпойт.
+11
murat17
2020-02-20 23:09:45
неге адамдар Матраимов менен бирге жургондой же Матраимовду жакындан тааныган адамдай ал адамды жамандай бересинер тушунбойм мен лично ал адамды жакындан тааныбайм ага койулуп жаткан айыптар деле бир саясий оюн деп эсептейм азыр элдин агымын башка жака буруп коюу оной бир кытайдын агенти же америка же россиянын агенти келип дежурный "кетсинистерге" акча берип бул жаман кетсин десе биздин эл ээрчип кетет айтаканым аны жакындан билип анан жакшы же жаман десен туура болот менимче
-6
TalaCSKA
2020-02-21 00:44:45
murat17, жакшы адам эч качан ошончолук чирип бай болбойт!шамаал болбосо чоптун башы кыймылдабайт. вобщем честный жол менен Матраимовтор ошончолук миллиардтаган байлык топтобойт болчу.
+6
murat17
2020-02-21 00:48:46
TalaCSKA,тууган сен бугалтер болуп иштегендей суйлоп жатасын го ким коруптур ошол миллиардды билесинби Азаттык радиосу Американыкы какой то бир уйгурдун берген интервьюсуна ишенип жатасынар уйгурлар озбектин бир туру жалганчы калк болушат
-9
murat17
2020-02-21 00:51:49
TalaCSKA, макул миллиардер болсун бирок ар бир мамлекетте бар миллиардер кыргыз коро албас калпыз ошондуктан онукпой жатабыз эртен Матраимов качып кетсе анын чон чон бизнестери бар ишканалары бар алар токтойт жергиликтуу карапайым калк жумушсуз калат ошондо кимге зыян?
-7
medet1983
2020-02-21 14:35:56
Чалдарды кашкар туйруп койгон турбайбы.
+1
Azatbek.Svoboda.
2020-02-21 16:01:05
Ушунтип отурсанар парламенттик шайлоодо Раимдин партиясы утат.Анан президенттик шайлоодо Раим президент болот!Кудай озу сактасын!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан