Мугалимди класстан жулкулдатып чыгарган окуя: Окуучу эки айдан бери мектепке бара элек

Умай Турсунбекова менен Периште Турсунбекова №95 мектептин окуучулары. Бирок кыздар учурда мектепке барууну токтотуп, музыкалык ийримдерине гана барып жатышат.

Өткөн жылдын 17-декабрь күнү №95 мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлфиза Мамытбекова менен окуучунун апасы Шахзада Авсаматованын ортосунда чыр чыкканы коомчулукка белгилүү. Кийинчерээк аталган окуяны чагылдырган видео социалдык тармактарга тараган.

Окуя боюнча 14-февраль күнү Ленин райондук соту “майда бейбаштык” беренесинин негизинде окуучунун энесин күнөөлүү деп таап, ага 30 миң сом айып салган. Айтылгандардан улам окуяга байланыштуу коомчулуктун эки жээкке бөлүнгөн сын-пикири азыркы учурга чейин токтой элек. Учурда таланттуу кыздардын мектепке барбай калганына эненин айтуусунда 2 айга чукулдап калды. Алардын сабакка барбай жатканын кыздардын энеси "балдардын жеке чечими болду" деп түшүндүрөт. Айтымында, кыздар мектептен басмырлоого кабылган.

Айтылгандарга байланыштуу №95 мектептин директору Айгүл Шимова төмөнкүлөрдү айтып берди. Айтымында, аны кыздардын мектепке келбегени катуу кабатыр кылууда. “Окуучулар эч кандай кысымга кабылган эмес. Алардын энесине мугалимдер чалып, мектепке жиберүүсүн өтүнгөн аракеттер көрүлүп жатат. Бирок ага карабай окуучулар сабакка келише элек", - деп билдирди ал.

Ал эми психолог Данияр Чормошев окуядан коомчулук сабак алышы керек дейт. Айтымында, эгер окуядан тыянак болбосо, мындай жагдайлар кайра-кайра кайталана берет жана бул абалда балдарды колдонуп, аралыштыра берүүнүн өзү туура эмес.

Белгилей кетсек, окуучу кыздардын апасы Шахзада Авсаматова коомчулукка акын жана журналист катары таанымал. Анын ырларын Гүлзада Рыскулова, Назми Байзакова, Батма Султанова жана башка көрүнүктүү ырчылар аткарып жүрүшөт.

Мугалимди класстан жулкулдатып чыгарган окуя: Сот чечим чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Alimbek1000
2020-02-20 21:33:07
Ал журналист өтө көөп кеткен экен. Атамбаев менен түшкөн сүрөтүн көрүп ошентип баа бердим. Мугалимге да ошондой мамиле кылабы? Аны да мугалим окуткан болсо керек.
+13
Sakura715
2020-02-21 02:06:58
Alimbek1000,Укмуш акылдуу экенсин,баарысын бир тараптуу карай бербей кенен ой жугуртчу садагасы)))
Мугалим тарап болгондорго тан калдым.Мугалимдердин да былыктары толтура го.Лично мен балама колун тийгизмек тугул унун жогору которуп корсун эмне кылаар экенмин...
Силер укмуш болуп мугалиминерди ойлобой окуяны толук угуп оз ини карындаштарынарды ордуна коюп коргулочу!?Азыркы мугалимдер ОЗУ бут чаласабат,суроо берсен сени мн кошулуп китептен жооп издейт.Болбосо озу деле экиге экини кошк
-20
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-21 09:58:47
Sakura715,Анда жеке педогок жалдап үйдө төбөно
көтөрүп бак!Бирөөгө күнөөнү коёрдо аны да түшун!
Сенин балана окшогон баладан 30-40 менен алышат
байкуш мугалим.Биринчи балана үйдөн тарбия берип,башканы
сыйлаганды үйрөтүп анан жибер мектепке! Мугалимге жоопкерчилик менен эркиндикти да бериш керек!Жулкуна бербей!
+11
Avrora2017
2020-02-21 17:37:04
Baktyluu_bolgum_kelet,tuptuura aitasyn 1000 % koshulam
+1
bolush11
2020-02-21 18:41:00
Baktyluu_bolgum_kelet, Эн туура баланын экинчи ата энеси мугалим болот тарбия берген
0
Akalma
2020-02-21 07:14:29
Alimbek1000,журналистмин эле дейт. Негизи көзү ачык. Капсыктуу саясатчыларга төлгө ачуу үчүн жүгүрүшсө керек.
0
Aitunuk
2020-02-20 22:16:18
Мугалимди жулкулдатмак турсун, бийик үн менен сүйлөөгө эч кимдин акысы жок. Өзүлөрү бир саат жанында отуруп үй тапшырмасын аткарыша албай нерв болушат. Тескерисинче, рахматын гана айтыш керек. "Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат" деген кеп бекеринен эмес. Эненин жосунсуз иши балдарына чоң стресс, моралдык жабыркоону алып келди. Эсирүүнүн да чеги болуш керек. Мындайларды "көзүн май баскан" деп коюшат элде.
+16
Sakura715
2020-02-21 02:11:51
Мугалимдер бизди да урчу бирок айтып барган эмеспиз дегендерге: Мугалимдин озу урганга акысы барбы бироонун баласын!?
Мисалга бизде бир мугалим бар эле,окуучуларга омуру колу тийген эмес, даже класстын хулиганы болсо да.Сылык тушундуруп уулум кызым деп сабагын отуп койчу.Биз уялганыбыздан да ошол мугалимди аябай сыйлаганыбыздан да озубуз эле тилин алып тапшырмасын бирин калтырбай даярдап келчубуз.Азыр андайларды табуу кыйын.Кыскасы илгеркилер менен азыркыларды адаштырбагылачы!!!!
-8
anyuta
2020-02-21 03:06:37
Азыр ушинтип балага болушса келечекте жоопкерчиликсиз адам болуп чыгат.
+8
aiba_00
2020-02-21 09:53:37
Тажаал аял экени корунуп эле турбайбы, долуланып озун кармап акырын суйлоп атат. мындай аялдар ажаан болот кебетеси айтып турбайбы. тиги эжей деле берип койсо болмок, баланы куттурбой. Ажылдашып, соттошуп, жулкулдатып деги койчу канча киши моральный жабыр тпрттынар, ушул керек беле силерге нерв коротуп.
+4
sirenaaaaa
2020-02-21 10:36:17
Акча коп болсо, дагы башка мугалимдерин деле жулкулдатып келе берсин. 30минден толоп коюп олтура берет
+6
Birimdik5555
2020-02-21 10:42:24
Медалдын эки жагы бар дегендей экөө тең күнөөлүү,отуз миңди экиге бөлүп он беш миңден төлөш керек. Шахзада эже он беш,мугалим он беш миң.
-6
Aimani
2020-02-21 11:09:35
Мугалим кызга бут кийимин берип койгондо эле ушунча ызы чуу болбойт эле. Эки жакта тең күнөө бар. Ортодо балдар жабыркаган. Же мектепке баралбай.
-1
kelemdedin
2020-02-21 12:10:57
Эне катары Шахзада айымды тушуном. 2 мунотко уруксат берип койсо болмок мугалим текеберленбей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан