Күрөш боюнча Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды.
Айпери Медет кызы бул турнирде 76 килограмм салмак ченинде катышып, биринчи жүрүшүндө өзбекстандык балбан кызды 11:0 эсебинде жеңип алган. Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны күчтүү делген япониялык балбан кызга 0:3 эсебинде жеңилип калган. Бул көрсөткүчү менен ал мелдештин жарым финалына чыкты. Жарым финалдык беттеште казакстандык Элмира Сыздыкованын үстүнөн таза жеңишке жетип, финалга жолдомо алган.
Кыргыз балбан кызы финалдык беттеште япониялык дүйнө чемпиону Хирое Минагава Сузуки менен кез келип, 1:4 эсебинде жеңилип, Азия Чемпиондугунда күмүш байгени багындырды.