Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпиондугунда күрөштүн грек-рим түрү боюнча кыргыз балбандары жалпы 5 медаль (2 күмүш, 3 коло) утуп, 18 өлкөнүн ичинен 6-орунга жайгашты. Грек-рим боюнча бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан он балбан катышты.
Кыргыз балбандарынын натыйжалары:
1. 55 килограмм салмакка чейин: Сардарбек Конушбаев 7-орун;
2. 60 килограмм салмакка чейин: Жоламан Шаршенбеков 2-орун (күмүш байгенин ээси);
3. 63 килограмм салмакка чейин: Тынар Шаршенбеков 9-орун;
4. 67 килограмм салмакка чейин: Марлен Асикеев 9-орун;
5. 72 килограмм салмакка чейин: Руслан Царев 3-орун (коло байгенин ээси);
6. 77 килограмм салмакка чейин: Ринат Ильяз уулу 3-орун (коло байгенин ээси);
7. 82 килограмм салмакка чейин: Самат Чоноралиев 7-орун;
8. 87 килограмм салмакка чейин: Азат Салидинов 2-орун (күмүш байгенин ээси);
9. 97 килограмм салмакка чейин: Бексултан Махмудов 5-орун;
10. 130 килограмм салмакка чейин: Роман Ким 3-орун (коло байгенин ээси).