Датага маани бергендер көбөйдү. 20-февралда өлкө боюнча 301 түгөй нике күбөлүгүн алышты

20-февраль датага маани бергендер үчүн жакшы күн болуп, үй-бүлө аталган жуптардын саны өстү. Алсак, Кыргыз өлкөсүндө 20.02.2020 деген сан жазылган нике күбөлүктү 301 түгөйлөр алышты. Бул тууралуу Мамкаттоонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Республика боюнча 20-февралда 301 жуптун никеси катталды. Алардын ичинен 45 түгөй никесин Бишкектеги Бакыт үйүндө каттатышты. 2019-жылдын ушул датасында 184 жуп никесин каттатышкан", - дейт маалымат катчы.

Коңшу Казакстанда 20-февралда баш кошкондор бум жаратып, 834 түгөй расмий түрдө үй-бүлө аталышты.

Буга чейин 2-февраль бир кылымда бир келчү күн деп аталып, дүйнөнүн булуң-бурчундагы жуптар баш кошуп, үй-бүлө аталышкан. Кыргыз өлкөсүндө 37 жуп 02.02.2020 деген сан басылган күбөлүктүн ээси болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан