Индиянын борбору Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду.
Айсулуу Тыныбекова биринчи жүрүшүндө күчтүү делген япониялык балбан Юкако Каваи менен кез келип, 6:1 эсебинде жеңилип калган. Япониялык балбан кыз мелдештин финалына чыккандыгына байланыштуу Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Коло байге үчүн Айсулуу Тыныбекова индиялык Сонам Сонам менен кез келди. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө Айсулуу Тыныбекова индиялык балбан кызга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей 11:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиондугунун коло байгесинин ээси болду.