Акыйкатчы Токон Мамытов Октябрь райондук сотунун төрагасына учурда СИЗО-1де камакта жаткан келиндин баш коргоо чарасын кайра карап чыгып, жеңилдетип берүү сунушу менен кайрылды. Бул тууралуу акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, камактагы келин учурда кош бойлуу.
"Камактагы келиндин жашы жете элек төрт баласы бар. Улуусу 7 жашта. Ал эми өзү учурда кош бойлуу. Ал балдарын өзү гана багып, каржылап келген. Мындан улам анын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү суранабыз", - деп жазылат маалыматта.