Кыргыз жарандары үчүн Шенген визасын алуу боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Жаңы эрежелерге ылайык:
- Виза алуу боюнча арыздар мурункудай 3 ай мурун эмес, чет жакка чыгууга 6 ай калганда тапшырылат;
- Көп жолку визаны алуу шарттары жеңилдетилди. Алсак, визалык тарыхы жайында болгон жарандар мөөнөтү 1 жылдан 5 жылга чейин бара-бара узарып туруучу көп жолку виза алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат (эгер жаран: мурдагы алган визаларын тартип бузуулары жок пайдаланса, өз өлкөсүндө материалдык абалы жакшы болсо, Шенген зонасынан визанын мөөнөтү бүткүчө чыгып кетүү кепилдигин бере алса);
- Визаны даярдоо жыйымдары 60 евродон 80 еврого (болжол менен 6 037 сом) чейин көтөрүлөт. Ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 35 евродон 40 еврого чейин.
Маалым болгондой, Шенген визасы дүйнөнүн 26 мамлекетинин аймагында эч тоскоолдуксуз жер которуп жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.