Бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Иорданиянын Амман шаарында өтүүчү Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Азия чемпиондугунда "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына лицензия дагы ойнотулат. Азия чемпиондугу 29-февралдан 12-мартка чейин Иорданиянын борбору Амман шаарында өтөт. Кыргыз курамасы Амман шаарына 19-февралда учуп кетишкен. Алар 29-февралга чейин аталган шаарда машыгуулардан өтүшөт.
Азия чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиевдин жетекчилиги астында 6 боксчу катышат.