Кечээ, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан. Анда ал сөз сүйлөп жатып, партиялардын парламентке өтүү босого чегин 9 пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эместигин айткан. 5 жана 3 пайызды айткандар да болуп жатканын билдирип, алар "жаштарга мүмкүнчүлүк берели" деген менен өз камылгасын көрүп жатышканын белгилеген. Ал эми 7 пайыз бул басып өткөн, сыноодон өткөн жол экенин билдирген.
SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке өтүү үчүн босоголук чек боюнча 9 пайызга саясий күчтөр даяр эмес, 5 жана 3 пайыз дегендер болсо өз камын ойлоп жаткандар деди. Босоголук чек 7 пайызга кайтарылса өлкө үчүн пайдасы көп болобу же залалыбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов босоголук чек 7 пайыз болгону туура деген оюн айтты.
"Тарыхты карасак, Жогорку Кеңештин эки чакырылышы 7 пайыз менен парламентке келишкен. Босого чеги 7 пайыз болсо, 5-6 фракция Жогорку Кеңешке келет. Ошондо парламентте тең салмактуулук болот. 9 пайыз болсо 3 партия келип бардыгын монополия кылып, көпчүлүк шайлоочулардын өкүлдөрү сыртта калат. 30 пайыз эле шайлоочунун өкүлдөрү парламентке келип, 70 пайыз шайлоочунун өкүлдөрү сыртта калып калат. Анан коомдо кандайдыр бир стабилдүүлүк болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан азыркы этапта босого чегин 7 пайыз кылганыбыз туура. Эмне үчүн 3 же 5 пайыз кылганга болбойт? Анткени премьер-министр азыр туруктуу эмес, Конституция боюнча премьер-министрди коалиция кааласа жумуштан алып салат. Эгерде премьер-министрдин туруктуулугун камсыз кылган Конституцияда рычагдар болсо босоголук чекти 5 же 3 пайызга түшүрсө болот болчу", - дейт Шыкмаматов.