Кыргыз футбол союзу: "ФИФА Мьянма Футбол федерациясынан шек санап жатат, Кыргыз өлкөсү боюнча маселе жок"

Эл аралык Футбол федерациясы (ФИФА) Мьянма курамасын 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна карата тандап алуу оюндарындагы Кыргыз улуттук курамасы менен болгон оюнун сүйлөшүп ойногон деп шек санап жаткан. ФИФА бул оюн боюнча Мьянма Футбол федерациясынан шек санап жатканын, футболчулары башкы машыктыруучусун кызматтан кетириш үчүн атайын утулушкан болушу мүмкүн экендигинен шек санап жатышат. ФИФАнын Кыргыз футбол союзуна эч кандай суроосу жок экенин SUPER.KG порталына Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул оюн 2019-жылы 10-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн. Бул беттеште Кыргыз курамасы Мьянма курамасын 7:0 эсебинде жеңип алган. Бул жеңилүүдөн кийин Мьянма курама командасынын башкы машыктыруучусу Миодраг Радулович кызматынан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KAYRATBEK
2020-02-21 20:28:28
Болушу мумкун. Миянмадан либой нерсени кутсо болот. Мусулмандарды кандай гана кордошподу
+1
Amantur_akjol
2020-02-22 00:45:08
Анда Германия7-1 бразилия буну дагы караштырыш керек бирок биздин оюнду сатып алганга акчасы деле жок биздикилер жалан сатышы мункун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан