№95 мектептеги мугалим менен эне чыры: Окуучу кыз "укугумду коргоңуздар" дейт (видео)

Буга чейин Умай Турсунбекова менен Периште Турсунбекова учурда мектепке барууну токтотуп, музыкалык ийримдерине гана барып жатышканы тууралуу жазганбыз.

Бүгүн, 22-февралда №95 мектептин 4-классынын окуучусу Умай Турсунбекованын азыркы абалы тууралуу айтып берген видеосу тарады. Анда окуучу кыз мугалимдер, окуучулар жана мектеп кызматкерлери алардын окууга келбеши үчүн кандайдыр бир кагазга кол коюп беришкени тууралуу айтып берген.
"Менин укугумду коргоңуздар. Мен башка эле мектепке барып окуйт окшойм", - деп билдирген окуучу кыз.

Видео тууралуу кыздын апасы Шахзада Авсаматова төмөнкүлөрдү маалымдады.
Айтымында, ал кыздары сүйлөп, тарткан видеодон өзү дагы кабардар эмес.

"Балдарыма чынында кыйын болду. 2 айдан бери сүйрөлүп сотко барып жүргөнү, алардын көкөйүнө тийсе керек. Бүгүн кызым Умайдын туулган күнү болчу. Эртең менен менин телефонумду сураган, анан ага кол телефонумду бергем.

Негизи мен кадимки күндөрү аларга көп деле телефон карматпайм. Бирок бүгүн туулган күнү болгондуктан телефонумду ага берип, туулган күнүнө майда-чүйдө алып келүү үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткем. Кийин эле туугандарым айтып калды, кыздарым ушундай видео тартып, аларга жиберишкен экен", - деди ал.

Өткөн жылдын 17-декабрь күнү №95 мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлфиза Мамытбекова менен окуучунун апасы Шахзада Авсаматованын ортосунда чыр чыкканы коомчулукка белгилүү. Кийинчерээк аталган окуяны чагылдырган видео социалдык тармактарга тараган.

Ал эми 14-февралда аталган окуя боюнча сот чечим чыгарып, Шахзада Авсаматовага 30 миң сом айып салган болчу.

Окуучу кыз "укугумду коргоңуздар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Dani
2020-02-22 20:37:55
Мамина сценарий жана апасына ыйман берсин
+22
Kulatov
2020-02-22 23:02:06
Dani,эң туура айтасын
+7
AksyKum
2020-02-22 22:56:13
Болотурган нерсени айтчы урматту апакеси.Ал жомогуна эч Ким ишенбейт
+14
asash
2020-02-22 23:05:13
Урматтуу окуучу кыздын апасы, кыргызда айтат го осурган кыз,осурбаган кыздын бетин тырмаптыр деп, ар бир адам озу кетирген катаны сезе билиш керек, мугалимди окуучуларынын козунчо эмне кылдыныз урматтуу айым,оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун болбой, корсотпойсунбу озундун маданияттуулугун, билбейм кандай низкокультурные так и поступают.
+12
Paol
2020-02-22 23:08:27
Эже өзүнүздү актабаныз,күнөөнүздү моюнунузга алыныз, ооба менден кетти деп коюштун эч жаман жери жок баарыбыз адашабыз.Кызынызга бул окую чон таасирин тийгизеерин унутпаныз.Кызыныз сизди көрүп аа ушундай поступок кылса боло берет экен деген ой келиши мүмкүн.
+11
asash
2020-02-22 23:09:35
Ошол эжекени сыйлаш керек,ушуга тенелбестен директоруна чейин жетелетип барганына, журум туруму маданияттулугунун жогору учун деп
+8
AksyKum
2020-02-22 23:44:03
Урматтуу апакеси жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт,ачуу келгенде акыл кетет болдум деп кечирим сурап койсонуз эле болду баары оз ордуна келет.Минтип сериал кыла бербей
+12
Tiken
2020-02-23 00:30:01
Атамбаевдер менен кошо шапар тээп жургон келин экен го бул, ФБдан коруп эсим эки болду. «Таанышы» болсо эле анырандай бериш керек беле?! Озу деле маданият тармагында иштеген адам окшойт. Аз эле айып салышыптыр, азыр мугалимдерге тийишип болбойт...
+10
timoha81
2020-02-23 07:48:11
Апасында бет жок экен кичинекей кызды жон эле койбойбу арадаштырбай Анан билген жокмун коргон жокмун дебей
+4
kadam
2020-02-23 08:48:13
Биз мындай кезибизде, укук эмне экенин билчү эмеспиз. Жыгылган күрөшкө тойбойт болбой эсиңе кел. Уялсаңар боло, кенедей кызды чоңдордун чырына аралашатыргандан? Медалдын экинчи жагы да бар. Апам укугумду бузду деп, кийин жаасын сага мээлебесин? Ойлон.
+6
ika8086
2020-02-23 09:46:49
соттон женилип калганына кызын орто салып жатат башталгыч класстын окуучусу видео кайрылуу жасаганга акылыда жетпейт интернетке каяка кантип жуктошунда билбейт урматтуу Авсаматова озунузду алдашыныз мумкун азыр элдин акылы тайкы эмес алдангыдай.Башталгыч класстын окуучусу укук деген создун маанисинда билбейт аны чоон эле адам уйроткон
+6
taalay25
2020-02-23 10:14:23
Жаш кыздын писихологиясы менен ойнобогула!
+6
Tiken
2020-02-23 11:05:08
Кошумча катары, биз мектепте окуп жургон кезде завуч агайдын таягын эчен жолу жедик, тебет эле, муштумдап коет эле, бирок даттанып уйго эч кимибиз барчу эмеспиз. Себеби биз ошол таякка татыктуу болуп шоктончубуз. Ата-энебиз укса дагы эч нерсе дечу эмес, кайра сооп болуптур дешчу. Азыр оккучулар тескерисинче мугалимге кол которуп, мугалимдин баркын кетиришти. Кааласам мугалимди сыйлашат, болбосо согушот. Директорду коргондо тим эле коркчубуз, азыркылар болсо дос)))
+5
Armada100
2020-02-23 11:10:38
Бул абал боюнча мугалим туура эмес кылган. Буюмун алып ал деп койсо болмок. Азыр копчулук адамдар ушундай катуу болуп калышкан эч уступкана барышпайт.
Бир жери кемип кала тургансып
+1
kanu
2020-02-23 17:36:06
Бирок соттун чечими 100% билинип турат мугалимди тартып койгон,ар бир Ата эне балдарын коргоп журуп отобуз, бул кыздын энесиболгон аракетин балдарына жумшап ар кайсы жакка окутуп атыптыр, бир элемектепке окутуш кандай кыйын азыркы убакта, негизи мугалимдин кемчилиги и директору да неграмотный экен, баланы коргоп коштоп мындай иштен кийин артынан тушупокутуш кк болчу. Министерствага кайрылыш кк, мен Бишкекте жашасам или кичине связымболсо ойдоку жактар менее, бул семьянынукугун коргоп бермекмин
-6
nelli
2020-02-23 17:50:25
kanu,бироого пахта койгуча оз тирилигинди кылсанчы бир тууганым. Дагы связь дейсин. Связым болгондо деген жерде укук тебеленет!
+3
jaz
2020-02-24 09:42:00
Менин жеке оюмда Мугалимдин куноосу кобуроок окуучуга жетиштуу кам коруу анын милдети эле.Аял киши баласы учун эмоцияга алдырышы мумкун экенин сот эске алыш керек эле.Бизде закон кандай экени билбейм ошентсе да бул ишти кайра карап чыгуу керек деген ойдомун.Бул иш сопсуз кайра каралыш керек.Супер инфо жана Журналистерда жардам кылышса адилетту чечим чыгабы?Балдардын укугун коргоо иштери журушун мен да каалайм
0
nazira...
2020-02-24 12:48:27
Баланы аралаштырбай сотко бербейби дагы. Даттанууга акысы бар го. Укук коргогондун балээсин билеби бул кичине кыз. Же башка мектепке которуп салсын кыздарын, мынча чап жабышты бул мектепке. Ортодо кыздарына жалко. Кок бет аял экен да апасы да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан