Чүйдө 31 жаштагы жаранга күч колдонуп акчасын тартып алып, белгисиз тарапка из жашыргандар кармалды

Чүй районунда уурулукка шектелип, эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

6-февраль күнү Чүй РИИБине 31 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Арызда аны ошол эле күнү саат 21:00 чамасында күч колдонуп, белгисиз жарандар акчасын баштыгы менен кошо тартып алып, андан соң алар из жашырышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө тобу шектүү катары 41 жаштагы О.Н. жана 37 жаштагы А.Р. аттуу жаранды кармашкан. Учурда тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан