ЖЭБ соту: Отурумга аскердик прокурор катышууда

Бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча соттук отурум уланууда.

Анда иштин материалдарын иликтөө процесси жүрүүдө. Судья Ирина Воронцова жактоочулардын жана айыпталуучулардын суранычы менен иштин 12-томундагы материалдарды окууда. Жалпысынан ЖЭБ иши боюнча 55 том бар.

Соттук процесске мамлекеттик айыптоочулардан тышкары, аскердик прокурор дагы катышып жатат.

Буга чейин 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечим чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген. "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган. Соттун өкүмүнө макул болбогон жактоочулар шаардык сотко апелляциялык даттануу жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Jaznura
2020-02-24 11:14:18
Тезирээк камап койсо жакшы болмок.
+3
Alimbek1000
2020-02-24 12:35:29
Сапар сары 11 млн долларды кайтарыш керек жөн эле камалып кетпей!
0
chake
2020-02-24 13:09:43
Jaznura, уят намыс деген жок экен тарыхта булар кара тамга менен кала берет эми
-1
Alimbek1000
2020-02-24 11:14:37
Сапар 111 млн доллар кана?
+4
Absamat-90
2020-02-24 11:15:24
Аран эле 12-томго келсе алдыда анда дагы иштер ачылуусу толук мумкун экен да.
+2
erlan2196
2020-02-24 12:28:16
Сооронбай Жээнбеков кошо камалсын. Сооронбайды чукуп чыгаар киши жок болуп жатат. Болбосо Соке деле таза эмес. Азыр Соке куч оргондары таянбасын. Акыйкат иштебей жатат.
-4
Ernestinio
2020-02-24 12:33:35
erlan2196, точно псих, причем тут президент... и как ты вообще живешь с такими крошечными мозгами
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан