Москвадан Бишкекке келип, акчасын уурдатып жиберген Дөөлөтбек Касымбек уулу SUPER.KG порталына кайрылды. Ал "арызымды жазып, жада калса шектүүнүн сүрөтүн, дарегин таап берсем дагы милиция кызматкерлери реакция кылбай жатышат" дейт.
"Мен 14-январга караган түнү Бишкекке Москвадан унаа алып, айдап келдим. Жолдон жалгыз келбейин деп 3 жүргүнчү сала келгем. Алардын бири "мени тоноп кетишти, акчам жок. Бишкектен берейин, апам Түркиядан акча салат" деп айтты. Макул болуп салып алдым. Бишкекке 14-январь күнү саат түнкү 4тө келдик. Чарчап калгандыктан жол киреси жок келген бала экөөбүз таң атканча деп унаада уктамак болдук. Муздак шамал келип жаткандан тура калсам унаанын эшиги ачык экен. Жанымдагы бала жок. Анан эле баштыгымдагы 15 миң рубль жана 5 миң 500 теңге жана 3 миң сом акчам жок. Акчамды алыптыр дагы унаанын эшигин жаппай качыптыр. Мен ошол замат Биринчи Май РИИБине барып арыз жаздым. Арызды милиция кызматкерлери алды дагы мага карап, кагаз жокпу деп сурашты. Кагаз дегени көрсө акча экен. Мен аларга өзүм тонолуп келе жатсам кайдагы акча дедим.
Кийин телефон аркылуу опер кызматкерлерине шектүүнүн сүрөтүн, дарегин таап бердим. Ал болжолдуу Жалал-Абад шаарында болчу. Бирок алар жалпы чыгымды төлөп берсең, шектүүнү кармап келебиз деп айтышты. Муну кандай түшүнсө болот, бул силердин ишиңер десем билгениңди кыл дешти. Менин кайрылганымдын себеби дагы ушул кызматкерлердин мага болгон мамилеси. Себеби эч бир жерден шектүүнү кармап келиш үчүн жабырлануучудан акча сураган учурду кездештирген же уккан эмесмин. Мен аябай таң калдым. Алардын ордуна өзүм ал баланы издеп, аларга сүрөттөрүн жөнөтүп жүрөм, алар болсо издөө дагы салып коюшкан жок. Мындан улам массалык маалымат каражаттарына алардын ушул кылыгын айтайын деп кайрылдым.
Менин акчамды уурдады деген баланы Москвадагы туугандарыбыз аркылуу издештирсек, ал Москвада дагы акча уурдап жүрүптүр. Бишкектен ал балага карата арыз жазганымды уккан Москвадагы мекендештерибиз аны карматсаң, биз дагы арыз жазабыз деп жатышат", - деди ал.
Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар жогорудагы жарандан арыз келип түшкөнүн тастыкташты.
"Бул арыз келип түшкөн. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурдоо" беренеси менен катталган. Учурда сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.