ЖЭБ соту: Отурумда ЖЭБ боюнча келишимде кытай тарап бардык салыктардан бошотулганы окулду

Бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча соттук отурум уланууда. Анда иштин материалдарын иликтөө процесси жүрүүдө. Судья Ирина Воронцова жактоочулардын жана айыпталуучулардын суранычы менен иштин 13-томундагы материалдарды окууда. Анда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Садыков, судьяны иштин материалында жазылган ЖЭБ боюнча түзүлгөн келишимдин айрым пунктарына көңүлүн бурдурду. Ага ылайык, насыя берип жаткан кытай тарап Кыргыз өлкөсүндө бардык салыктардан, бажы төлөмдөрдөн бошотулганы жазылган. Мындан тышкары келишим боюнча, эгер тараптар ортосунда макулдашууга келе албаган жагдайлар жаралса, анда алардын иши Эл аралык арбитраждык сотто каралат деп жазылган.

"Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги келишимдин ошол пунктары мамлекеттин эгемендүүлүгүнө кол салуу болот деп белгилеген. Бирок парламент бул келишимди колдоп, ратификациядан өткөргөн", - дейт жактоочу.

Жалпысынан ЖЭБ иши боюнча 55 том бар. Учурда иштин 14-тому иликтенип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alimbek1000
2020-02-24 12:11:38
Сапар сары 111 млн доллар кана?
+3
Absamat-90
2020-02-24 12:34:23
офшорго которду да.
-1
chake
2020-02-24 13:06:42
Alimbek1000,Сапар ал акчага россияда Мурас деген клиника ачып азыр күркүрөп иштеп жатат
-1
Jaznura
2020-02-24 12:16:23
Коррупцияга жол ачкан Сапар менен Айбек жазалансын.
+3
Absamat-90
2020-02-24 12:22:58
ОШондо кытайларды салыктан Сапар бошоткон да.
+3
erlan2196
2020-02-24 12:26:11
Азыркы ЖЭБ иши бул жон гана Сооронбай Жээнбековтун ойлоп чыгарганы. Жазасын Сооронбай дагы алыш керек. Адилеттуулук жоголду. Элибиздин жашоосу артка кетип баратат.
-5
Jaznura
2020-02-24 12:29:35
erlan2196, ЖЭБ иши Сапардын оюну.
-1
Alimbek1000
2020-02-24 12:30:17
erlan2196, Сенин да тийешең бар окшойт. Сени да жазага тартып каматыш керек экен.
-2
chake
2020-02-24 13:05:40
АША тарыхта кара тамгалар менен жазылып калат колуна Кычкачын карматып площадка эстелик тургузуп коюш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан