Бишкекте мас абалында унаа башкарып, каршы тилкеге чыккан айдоочуга 24 миң сом айып салынды

Бишкекте мас абалында унаа башкарып, каршы тилкедеги транспорт каражаттарына тоскоолдук жараткан айдоочу кармалды. Окуя бүгүн, 24-февралда Донецкий менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Маалыматты патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

"Болжол менен саат 14:40 чамасында нөөмөт бөлүмгө Лексус үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, мас абалында унаа башкарган айдоочуну тапкан эмес. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө айдоочу 12-кичи райондон кармалды.

Тергөө учурунда айдоочу 6-кичи райондон Степ Вагон үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткендиги аныкталды.

Бул факт боюнча айдоочуга карата 127-берененин (жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) жана 128-берене (транспорт каражатын мас абалында айдоо) менен протокол түзүлүп, жалпысынан 24 миң сом айып салынды. Унаа айып аянтчасына токтотулду", - деди маалымат катчы.

Мас абалында унаа башкарган айдоочу колго түшүрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
amin1986
2020-02-24 21:05:56
Дагы 5 жылга водительский правасын лешать этиш керек болчу
+6
kanayym.92
2020-02-24 22:10:52
Туура кылат акчаны тапкан учун копкон учун ичип журот да. Бироону сузуп алса эмне болот эле.
+1
rysik79
2020-02-25 00:55:02
патруль жакшы иштеп жатышат. коз тийбесин.
-2
Samatalibei
2020-02-25 01:49:36
Терең ойлонуп корсон. Ушундай акмактарга 24мин эмес 240миң сом да аздык кылат!
+4
kanu
2020-02-25 08:39:15
Аздык кылат 24мин сом, алдынан Адам чыкса эмне болот эле, Эми сузгон жабыркаган машиналарда эки эсе сорсо экен акчасын, ичкилик кандай экенин билет эле
0
chake
2020-02-25 10:10:33
24 000 буларга 24 сом да нормальный салбайбы олчойтуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан