ИИМ: "Биринчи Май РИИБинин 2 кызматкери пара алуу учурунда кармалды"

Бишкекте Биринчи Май РИИБинин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү пара алуу учурунда колго түшүрүлдү. Алар 7 миң сом алып жатканда кармалганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"19-февраль күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына Р.И. аттуу жаран кайрылган. Арыздануучу "майда бейбаштык" фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштөгү маселени оң жагына чечип берем деп 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткан Биринчи Май РИИБинин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө карата тиешелүү чараларды көрүүнү суранган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене (Опузалап пара алуу) менен катталган. ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан пара талап кылууга шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

24-февраль күнү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасынын аймагынан 7 миң сом акча каражатын алуу учурунда Биринчи Май РИИБинин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү С.С. менен А.А. кармалды", - деп билдирет маалымат катчы.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды, паракорлорду, мыйзамды бузгандарды, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.

Коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо, ага бөгөт коюу боюнча иштер улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaznura
2020-02-25 09:20:40
Мына ушунтип коррупцияны очогун өлтүрүш керек.
+1
Absamat-90
2020-02-25 09:39:53
Ушундай ачык айтканда гана бут былыктар чыгат.Баарыбыз чогуу жапырт коррупция менен курошкондо гана жене алабыз.
+2
chake
2020-02-25 10:05:49
111 млн уурдаган ТЕЦтеги тентектерди да катуураак жазага тартуу керек 10 000 уурдаган менен миллион уурдагандын айырмасы болуш керек да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан