Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катышкан балбандар бүгүн, 24-февралда мекенибизге кайтып келди. Эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакка чейинкилер арасында Азия чемпиону болгон Улукбек Жолдошбеков беттеш учурунда көзүнөн жаракат алганын айтты.
"Бул Азия чемпиондугу мен үчүн аябай оор болду. Казак балбанын утуп, кийинки бөлүктө ирандык балбан менен күрөшүп жатканда атаандашым колу менен көзүмдү чукуп алды. Көзүмдүн ичи айрылып кеткендигине байланыштуу мелдештен четтетилесиң дешти. Мен машыктыруучуларым менен сүйлөшүп, кийинки айлампада күрөшүп көрөйүн деп чечтик. Кийинки жүрүшүмдө индус балбанын утуп алдым. Бирок көзүм айыкпагандыктан биз менен барган дарыгер дары таап, көзүмө тамызганда жакшы болуп калды. Финалда көзүмдөн жаракат алып калганыма карабай күрөштүм.
Азыр бизди тосуп алууга канча адам жана кимдер келгенин жакшы көрө албай жатам. Көзүңөн жаракат алсаң Азия чемпиону болосуңбу, Дүйнө чемпиону болосуңбу, бардыгы бир тыйын болуп калат экен. Менин жеңишимди колдоп келгениңиздер үчүн бардыгыңыздарга рахмат!", - деп билдирди Улукбек Жолдошбеков.
Улукбек Жолдошбеков Нью-Дели шаарында 18-23-февралда өткөн Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакка чейинкилер арасында алтын байгеге ээ болгон.